Кыргыз-тажик чек арасында аскердик кагылышуу болуп, ок атылып, кан төгүлүп жаткан убакта, бүткүл кыргыз эли оппозициясы болобу, башкасы болобу баары сырткы душманга каршы бириге калышып биримдиктүүлүгүн көрсөтүштү. Ал эми Мадумаров болсо адатынча эч кимге кереги жок чукул кайрылуусу менен курч абалдан пайдаланып бийликти басып алууну көздөдү. Же анын ушул чукул кайрылуусу эч бүтпөдү!
А чек арадагы согуш так ошол Мадумаровдун айынан болуп жатканы менен иши жок. Себеби, убагында Мадумаров бийликтин башында турганда, өз билемдик кылып, эч кимди укпай тажиктерге жерибизди арендага 49 жылга берүү жөнүндө протоколго колун балчайтып коюп койгон. Бир эле бул эмес, казактарга да Каркыраны саткан, бул эми баарыбызга эле маалым. Эми ошол чукул кайрылуусу менен эле калып калсачы, бирок тарапташтарын митингге үндөп, чек арадагы абалдан пайдаланып бийликти басып алуу аракетин көрүп, сырткы душмандарга күч дем берип турду. Митинге чыккан тарапташтары калп эле: "Баткенге биз да барабыз, курал бергиле", - демиш болуп бийлик кетсин деп чыгышты. Аларды Баткенге алып кетүү үчүн машине келгенде, эч кимиси чыкпай коюп уят болушту. Демек, Мадумаровдун негизги максаты, кандай жол менен болбосун бийлике жетүү! Сырттан душмандар кол салып, эл кырылып калса да ага баары бир! Өзгөчө кырдаалга карабай өлкөдө дестабилизация орнотууну көздөгөн үчүн аны жоопко тартуу абзел!