Ош облусуна караштуу Ноокат районунун жолу өтө начар абалда экени бир канча убакыттан бери айтылып келатат. Асфальтсыз жолдо унаалардын түтүнү менен кошо чаң буруксуп, жүргүнчүлөр жетер жерине жеткиче одоно айтканда, ичеги-карыны аралашып калаарынан коомчулук эчак кабардар болгон. Бир гана тийиштүү кызматтарга жеткен эмес. 

Жакында минтстрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов быйыл пандемияга карабай Ноокат жолун оңдоп түзөөдөн өткөрүүнү убадалаган. 

Ал эми жергиликтүү калк тийиштүү кызматтарга коңгуроо кагыщты. Алардын сүрөтү соцтармактарга жарыяланды. Анда: "Быйыл Ноокаттын жолу оңдолбосо алмалар Ак үйгө барат", - дешкен.