Учурдагы бийликтин кадрдык саясаты кѳпчүлүктү нааразы кылып, коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратып келаткандыгы жашыруун деле эмес.
Бирок, атайын кызматтын генерал-майору Марат Иманкуловдун Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалуусу эң туура чечим болгонун калыстык үчүн белгилей кетели. Ѳлкѳнүн ички, сырткы коопсуздугу жаатында иш алып барчу кызмат ордуна кесипкѳй чекист, бул маселелерди жакшы билген, түшүнгѳн адамдын келгени кубандырбай койбойт.
Эми Марат мырза акыркы окуялардан сабак алып, мамлекетибиздин коопсуздугун, элибиздин тынчтыгын камсыз кылуу багытында натыйжалуу иш алып барат деген ишеничтебиз.
Булак: “Майдан. kg” гезити