Печать
Категория: Коом
Просмотров: 130

Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-майда билдирди.

Министрликтин божомолу боюнча, «Кумтор Голд Компании» ЖАКтын жетекчилиги Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен.

«2019-жылдын 1-декабрында Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмар кескин түрдө жылып, анын кесепетинен бульдозердин айдоочусу Ж.Ж. менен тоо бөлүмүнүн адиси О.И. жер көчкүнүн астында калып каза болгон.

2021-жылдын 15-февралында “Кумтор Голд Компании” ЖАКтын кенинде экскаватордун айдоочусу — 1996-жылы туулган И.Ж. иш учурунда экскаватор менен кошо Петров көлүнө кулап, чөгүп кеткен.

Бул фактылар КЖБРге Жазык кодексинин 258-беренеси (Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча катталган.

2021-жылдын 3-майында Ысык-Көл облусунун прокуратурасы сотко чейинки өндүрүштү Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматына кошумча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн жиберген.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча толук жана калыс иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан 2021-жылдын 12-майында саат 11:00гө күбө катары:

Буга чейин «Кумтөр Голд Компани» «Tazabek» басылмасына чет элдик адистер Кыргызстандан чыгып кетти деген так маалымат эмес экенин билдирген.

«Начарлап бара жаткан эпидемиологиялык абалга байланыштуу чет элдик кызматкерлер Бишкек шаарындагы лабораториялардан тест тапшыруу үчүн кен казылган жерден түшүштү. Алар Кыргызстандан кетишкен жок. Тесттин жыйынтыгы чыкканда ар бир чет элдик кызматкер өзү мекенине кайтып же кайтпоо тууралуу чечим чыгарат», - деп билдиришти компаниядан.

Ал эми «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын президенти Деон Баденхорст буга чейин пландалган иш сапар менен чет өлкөгө кеткен. Анын Кыргызстанга качан кайтып келери азырынча белгисиз.

Булак: Баракелде