Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев медицина кызматкерлеринин айлык акы боюнча нааразычылыктарына жооп берди.
Ал дарыгерлердин маяналары өздөрүнүн иш аракетине жараша көтөрүлгөнүн белгилеген.
"Көп дарыгерлер кант диабети жана ар кандай онкологиялык дартка чалдыккан бейтаптардын илдетин эрте аныктап, алдын алыштын ордуна башка илдеттерди кошуп жазышкан. Ошентип, элди алдап жүрүшкөн. Бизде кош бойлуу айымдар көп, бирок төрөлгөн балдардын саны аз. Элдин баарын кант диабетинен жабыркайтка чыгарып коюшту. Элди антип алдаган болбойт", - деген министр.
Эске салсак, 1-апрелден тартып медицина кызматкерлеринин айлык акысы жүз пайызга көтөрүлгөн жана аны жаңы система менен төлөө киргизилген. Белгилей кетсек, жаңы системаны Алымкадыр Бейшеналиев демилгелеген. Бирок жыйынтыгында мурда 15 миң сомдон айлык алган дарыгерлердин маянасы 5 миң сомго ылдыйлаган да, жүз пайыз көтөрүлгөндө үстүнө беш миң кошулуп, 10 миң сом колдоруна тийген. Буга дарыгерлер нааразы болушкан.