Кыргыздын бир трагедиясы – той-топур, өлүм-житим экендиги белгилүү. Анткени, көпчүлүгүбүз мындай мааракелерде ашкере эле чыгымга жол берип жиберебиз. Айрым байлар байлыгын көрсөтүү, мактануу үчүн да акча, дүйнөсүн чачышат. Бирок “казга теңелем деп, карганын буту сыныптыр” болуп, кедейлерибиз деле намыстанып, карыз алып же кредитке той өткөрүп жатышканы, балдары Россиядан айлап-жылдап, азап-тозок менен тапкан акчасын куру намыс үчүн асманга чачып жатышкандыгы деле жаңылык эмес.
Мындай ысырапкорчулукка Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов каршы чыгып, үлпөт тойду, маараке салтанаттарын, маркумду акыркы сапарга узатуу ырым-жырымдарын тартипке келтирүү жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштады. Документ Жогорку Кеңештин сайтына 10-майдан баштап коомдук талкууга коюлду.
Документ ашыкча чыгымды болтурбоо, шаан-шөкөттөрдү азайтуу, ошондой эле финансылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга багытталган элдик демилгелерди колдоо максатында иштелип чыккан.
Ага ылайык, үй-бүлө салтанаттары, ырым-жырымдар жана иш-чаралар 100дөн ашпаган адамды чакыруу менен өтөт. Үлпөт той 200гө чейин адам катышкан банкет менен бир күндүн ичинде жыйынтыкталышы керек. Никеге туруу салтанатына үчтөн көп эмес жеңил автоунаа колдонулушу шарт.Эгер бул талаптар аткарылбаса, анда 50 миң сомго чейин айып салуу чарасы да каралган.
Андыктан дүйнө өзгөрүп, ошону менен кошо адамдардын аң-сезими кошо өнүгүп жаткан учурда, бир чети коронавирус пандемиясы менен сырткы душмандар айлабызды кетирип, кымбатчылык шаштырып жаткан шартта өзүбүз деле ашкере чыгымдарга гумандуу түрдө жол бербесек жакшы болмок.