"Кыяз Молдокасымов Мургаб жана Жерге-Тал кыргыз жери экенин тастыктап, тактап бере ала турган жалгыз адис. Ошон үчүн чек араны тактоо боюнча комиссияга кошулуп, эл үчүн иштеп берсе, мамлекет үчүн да, эл үчүн эң жакшы утуш болмок", - деп жазды Хашим Зайналиев соцтармактагы баракчасына.
Эске салсак, Тажикстан Кыргызстан менен чек ара аймактарын такташууда 1924-1927-жылдардагы картага кайтууну сунушташууда.