- Эх, кайран кыргыз. Кол сунганды дос, унчукпай турганын кас кылып албагыла. Кимдин ким экенин убакыт гана көрсөтөт. Аны далилдегиче, ички проблемаларыбызды чечүүгө жардам берели. Биздеги эң чоң көйгөй экономика.
Мамлекеттик мекеме-ишканаларды убактылуу жеке менчике берели деп жатышат. Бул эң туура чечим. Бирок бир шарт менен. Чет өлкөлүктөр ээлик кылууга тыюу салынышы керек. Жеке менчик менен мамлекеттик ишкананын айырмасы анын өнүгүп өсүшүндө. Мен мэриянын бир эле ишканасын мисал кылайынчы.
Автопарктар. Айдоочу айлыка иштейт. Машина бузулабы, дароо токтотуп салып башкасын сурайт. Өзүнүкүндөй эч качан карабайт да. Мэрия канча унаа алып келип үстү үстүнө үйүп салса дагы баягы эле көрүнүш. Бул деген мамлекеттик казынага эле келген күч. Элдин төлөгөн салыгы талаага кетип атат деген сөз. Менчик болсо башкача мамиле башталат. Сандан сапатка өтөт. Тескерисинче, мамлекетке салык төлөнө баштайт. Буга чейин жер, имараттарды приватташтырып алган көпөстөрдү эле элестете берүүнү токтотуш керек! Базар экономикасынын талабы ушундай да. Менчиктештирүү.
Негизи, жеке менин оюмда, өтө тез өнүгүүнүн бир жолу бар. Бул АКШнын мамлекеттик түзүлүш формасы. Жети областты жети штатка бөлүш керек. Координация борбору - Бишкек. Ар бир штат өз жетекчисин өзү тандайт. Мамлекеттик символикалар, атрибуттары менен армиясы гана бир болгону менен ар ким өз алдынча өнүгүү багыттарын аныктайт. Мына, ошондо, өтө тез өнүкмөкпүз. Бирок албетте буга биз азыр даяр эмеспиз. Дагы беш - он жыл билим алышыбыз керек. Эгер ушул темпте жүрө берсек, дагы 50 жыл текке кетээрин моюнга алып, чыдоого туура келет.
Замир Казакбаев