Печать
Категория: Коом
Просмотров: 107

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткендеги жеке адамдардын турак-жайларын калыбына келтирүүгө мамлекеттен акча бөлүнбөйт.

Анткени, аларды Кыргызстандагы курулуш компаниялары салып берүүнү демилгелеп, алды жумуштарын башташты.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков билдирди. Анын айтуусунда, турак жайлар жеке компаниялар тарабынан салынса, мамлекет жабыр тарткан социалдык обьекттерди калыбына келтирет.

Буга чейин Өкмөт курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен чогулганда, алар үйлөрдү толук өздөрү куруп берүүнү демилгелеп чыгышкан. Ошондуктан, үй салууга мамлекеттен акча каражаты бөлүнбөйт.

Компаниялар өз дараметине жараша ар кимиси 6дан 36га чейин үй салып берүүгө бел байлашкан. Ал арада алгачкы жумуштар башталды. “Ихлас” курулуш компаниясы 20 үй куруп берүүнү убадалаган. Алар өткөн жумада Чет-Булак конушунда бир типтүү үйлөргө капсула салышты.

Жалпысынан Баткен облусуна Тажикстандын кол салуусунан бир нече бала бакча, эки мектеп, ошондой эле ФАПтар дагы зыянга учурады. Мындан тышкары жолдор жана чек ара заставалары да талкаланды. Алардын баарын Кыргызстан өзүнүн бюджети менен калыбына келтирет деген чечим кабыл алынган. Бүгүнкү күндө 700 млн сом бөлүндү. Анын 200 млн. сому үйлөрдү калыбына келтирүүгө жумшалат.

Албетте, мамлекет, жергиликтүү курулуш компаниялардын мындай демилгеси жакшы, бирок ошол эле учурда бийлик жерибизге жана элибизге күтүүсүздөн кол салган тажик армиясынын агрессиясын убакыттын өтүшү менен унутуп калбай, эл аралык уюмдарга кайрылып, кун төлөтүүнү жана кечирим суратууну да унутпашы керек.