Печать
Категория: Коом
Просмотров: 136

Бишкектеги Калык Акиев менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Таксим бир туугандар» кафесинин муниципалдык жерге курулган бөлүгүн бузуп жатышат.

Буга чейин ижарачы ижара мөөнөтү бүткөнүнө карабай бошотпой жатканын кафенин мыйзамдуу ээси Чынара Султанбекованын атасы Эрнис Акматов 31-мартта АКИпрессте өткөн маалымат жыйында айткан.

Алардын жактоочусу Евгений Савченко билдирген маалымат боюнча, кафедеги мыйзамсыз курулган кошумча курулуштарды бузуу тууралуу Ленин райондук сотунун чечими чыккан.

Кафени 2010-жылы Түркиянын жараны Ифлазоглу Алиге ижарага беришкен.

Булак: Баракелде