Түштүк Кореяда жашаган кыргызстандыктар 10-майда Тажикстандын Сеулдагы элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүштү.

Алар 29-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жайкын тургундар набыт болгонун айыпташты.

Акциянын катышуучулары колдоруна чек ара чырында каза болгон 12 жаштагы окуучу кыз, Лейлектин тургуну Мадина Рахматжанованын, прапорщик Бекзод Юлдашевдин сүрөттөрүн көтөрүп турушту.
Буга чейин Германияда, Италияда, Швейцарияда, Британияда, Канадада жана АКШнын бир катар шаарларында жашаган кыргызстандыктар Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдына акцияга чыгышкан.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Тажик бийлиги 6-майда бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап ок атууну "биринчи баштаганын" билдирүүдө. Тажик бийлиги болсо кыргызстандыктарды "башка мамлекетке каршы куралдуу күч колдонгон" деп айыптаган жана кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны "агрессия" деп мүнөздөгөн.

Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары кылмыш ишин ачып, иликтөө жүргүзүүдө. 

  Возможно, это изображение (1 человек, стоит и текст «KING SIS RIME! 타지키 키르기즈 학살을») Возможно, это изображение (1 человек и стоит) Возможно, это изображение (1 человек и текст «타지키스탄의 키르기즈 민간인 학살을 규탄한다!!») Возможно, это изображение (1 человек и стоит) Возможно, это изображение (2 человека, люди стоят и текст «STOP RAHMONster») Возможно, это изображение (2 человека, люди стоят и текст «погие бегзод юлдашев. этнический узбек, луживший баткене восемь лет») Возможно, это изображение (один или несколько человек и люди стоят)  

Булак: Азаттык