Печать
Категория: Коом
Просмотров: 289

Фейсбуктун Айша Атабаева аттуу колдонуучусу 2010-жылдагы Ош коогалаңындагы Камчыбек Ташиевдин баатырдыгын жазып чыкты:

"1990-2010- жылдар кимдин эсинде? 2010- жылы болгон Кыргыз-өзбек коогалаңында биз Жалал-Абад шаарында жашайт элек.

Ошол маалда үйдөн чыкпай калганбыз, апам раматылык өтүп кеткенден кийин 80 жаштагы атамды үйгө алып келип алган болчумун. Кимдин башынан өткөн болсо алар мени түшүнүшөт, (мен ошондо Бишкеке көчүү керек экенин түшүнгөнмүн).

Эсиңерде барбы билбейм, Батыржан Кадыров өзбектер менен марш жасашкан жолду ээлеп алышып, автомат, пистолеттери бар колдорунда, кадимкидей атышкан, башына мык кагып алышкан союлдар менен.

Кадимки эле согуш болгон, Сузак районунда жашаган бир тууган эжем үйүнөн чыкпай, жегенге эч нерсеси калбай калгыча отурушкан, кичинекейи балдары менен.  БТРди минип барып Сузак (өзбектер жашаган махалля менен чектеш жерге коюп койгон ушу Ташиев, чогуу жашаган эки эл кырылышып калбасын деп). Дал ошондо эки элдин ортосунда данакер болгон ушул Камчыбек Ташиев болгон!

Мен атама: "Кеттик Бишкекке", -  десем, "Кызым, ажал келсе Бишкекте деле алып кетет",- дегенинен, атамды таштай албай  калып кеткенбиз, (үйдүн экинчи этажына чыгып алып, жалюзини кыйгачтатып, эмне болуп жатканын карап турчубуз), түнү светти жагуу жок эле (ал тургай качан бензин куюлган баклашканы ыргытып өрттөп кетишет деп уйку жок болуп калган).

Муну эмнеге эскерип жатам, себеби кечээги Баткенде болгон окуяга окшоп ошол маалда да чоңдордун эч кимиси элден кабар алган эмес (өздөрү кызыкдар болгон экөө-үчөө Батыржан Кадыров менен жолугушуп, тескерисинче өзбек тарап болуп кеткен).

Ошондо да элибизден кабар алган ушул эл уулу Камчыбек Ташиев болгон, ооба, Аллах ыраазы болсун, мен ар дайым дуа кылам, айткандар айта бергиле, дей бергиле (пахта койгуч, акчага иштейт жана башка), ар ким өз деңгээлин айтат, өзү эмнени кааласа ошондой ойлойт башканы. Азыр дагы эл үчүн ким чын жүрөктөн күйүп жатат! Баары "после дождя" пайда болушту, жакшыны да айта билели, эл айтат деп эмес, Аллахтан корколу!!!"