Учкунбек Жоробаев Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Премьер-министр Улукбек Марипов буга чейин тиешелүү буйрукка кол койгону такталды.
Эске салсак, ушул жылдын 5-майында Баткен облусунун мурунку акими Акылбек Орозов ээлеген кызматынан бошотулган.
Булак: vesti.kg