Ысык-Көл эли Баткендеги куралдуу кол салуудан жабыркаган жарандарга жардам жөнөттү. Бул тууралуу Замир Казакбаев соцтармактагы баракчасына жазды. 

- Жардам деген күнүмдүк эмес, түбөлүктүү болгону жакшы. Тоң районунун Кара Шаар айылынан алты уста, шаймандары, төшөнчү, азык -түлүгү менен Баткенге аттанышты. Мекендештерибиздин өрттөнгөн үйлөрүн тургузууга жардам беришет. Мына ушуну жардам десек жарашат. Садага кылып, азык түлүк жөнөтпөгүлө. Ысырап болот. Сактай турган муздаткыч тургай өзү жашай турган үй жайы жок турганда, үйүн тургузалы. Акчасын жөнөткүлө же болбосо мына бул жигиттердей болуп эрдик кылып, жерине барып кол кабыш кылгыла! Рахмат айылдаштар. Аман эсен жетип алгыла!!! - деп жазды ал.