Печать
Категория: Коом
Просмотров: 206

Бүгүн 20021-жылдын 7-майында Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд Компани” компаниясынан мамлекеттин эсебине 261 млрд 719 млн 674 сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат. 

Сотто Кумтөр Голд Компани” ЖАК арыз менен жергиликтүү төрт жаран кайрылды – Айбек Сарыбаев, Наристе Калчаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутмановдор. Алардын “Кумтөр Голд Компани” компаниясына болгон доосу Кыргыз Республикасынын экологиялык мыйзамынын бузулушу тууралуу. Көп жылдардан бери Кумтөр кенинен чыккан калдыктардын жыйындысы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн ээришине алып келген. 

Ушул мезгилге чейин компания мөңгүлөргө 1 млрд 200 млн тонна иштетилген топуракты чыгарган. Ушундай иш аракеттердин негизинде ЖАК 183 млн куб  тонна мөңгүнү талкалаган. 

Жергиликтүү тургундардын мурда да компанияны жоопкерчиликке тартууга аракет жасап келгендигин баса белгилеп кетүү маанилүү. Бирок, 2017-жылы өкмөт юридикалык жана жеке жактарга экология боюнча кандайдар бир доо коюп арызданууга тыюу салган токтом кабыл алган. Тургундар бул пунктка карата сотко кайрылышкан. Бул Конституцияга каршы келип жана конституциялык укуктарды бузат. Ал токтом артка кайтарылган соң эми сотко кайрылышты. 

 "Кумтор Голд Компани" ЖАК Кыргызстандагы Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн алдындагы Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча жыйнаган калдыктары мыйзамсыз деп табылсын. Компаниядан мамлекеттин эсебине 261 млрд 719 млн 674 сом өлчөмүндө өндүрүлсүн, Кумтөр Голд Компани ЖАК 1 млрд 308 млн 653 сом мамлекеттик пошлина төлөсүн, - деп айтылат соттун токтомунда.  

Кошумчалай кетүүчү нерсе, бул биринчи инстанциядагы соттун чечими  жана ал Бишкектин шаардык сотуна 30 күн ичинде арызданууга компаниянын укугу бар.