Америкадагы кыргыз диаспорасы Баткен облусундагы чек ара чырынан жабыркаган жарандарга жардам берүү аракеттерин улантып жатат. Диаспоралардын өкүлдөрү 6-майга карата АКШнын ар кайсы шаарларында жана региондорунда жашаган мекендештер топтогон каражат тууралуу маалымат бергенин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Америкадагы мекендештер баткендиктерге жардам көрсөтүүгө байланыштуу же кандайдыр бир суроолор пайда болсо диаспоранын өкүлдөрү менен төмөндөгү телефон номурлары аркылуу байланышса болот.
- Нью-Йорк штатындагы мекендештер 22 миң АКШ долларын чогултушкан (+ 1-347-852-1941 - Турат);
- Огайо штаты — 20,0 миң АКШ доллары (+ 1-513-265-6251 - Алтынбек);
- Питсбург (Пенсильвания) — 10 миң АКШ доллары (+ 1-213-500-9408 - Басызбек);
- Филадельфия (Пенсильвания) — 20 миң АКШ доллары (+ 1-267-212-6775 - Азиз);
- Чикаго (Иллинойс) — 105 миң АКШ доллары (+ 1-312-610-3018 - Кыял);
- Чикаго (Иллинойс) — 14 миң АКШ доллары (+ 1-267-333-5219 - Каныбек).
Булак: Баракелде