Печать
Категория: Коом
Просмотров: 63

Кечээ кечинде Баткен облусунда дамбанын бөлүгү жарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, кечээ кечинде Кадамжай районунун тоолорунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам дамбанын жарым-жартылай ачылышы болду. Бул Ак-Турпак айыл аймагынын Кайтпас, Өрүкзар айылдарына коркунуч туудурган.

Натыйжада 1500 жергиликтүү тургундар эвакуацияланган. Торговый айылындагы жолдорду, “Техас” кафесинин короосун жана дүкөндөрдү дагы суу каптады.

Учурда суунун деңгээли төмөндөп, эвакуацияланган адамдар үйлөрүнө кайтып келе алышты.

Учурда тазалоо жыйноо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканы белгиленди. Окуя болгон жерде ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгы жана жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары иштеп жатышат.

Булак: vesti.kg