Бишкектен Казакстандын башкы шаарлары - Алматы жана Нур-Султанга Түркстан аркылуу учууга болот. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 31-майынан баштап Түркстан-Бишкек-Түркстан” багыты боюнча жаңы туруктуу каттамды ачууну пландаштырылууда.

Жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын FlyArystan лоукостери аркылуу жумасына эки жолу - дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт.

Учуу убактысы 1 саат 15 мин.

Булак: Кабар