Соцтармактардын тажикстандык колдонуучулары маалыматтык согушта кыргыздардан утулуп башташканын моюндап, бул үчүн өздөрүнүн журналисттерин күнөөлөшкөн. Бул тууралуу Семетей Аманбеков жазып, тажикстандык колдонуучулардын комментарийлеринин сүрөтүн жарыялаган. 

"Биз кырдаалды бузууга жетише алдык жана маалыматтык согушта жеңишке жетише баштадык! Тажиктер бизден "10.0" эсебинде утулуп башташканына тынсызданып жатышат жана утулуунун ызасынан бизди "тамыры жок көчмөндөр" аташты.

Журналист-кесиптештерим, соцтармактардын жөнөкөй активдүү колдонуучулары, карапайым кыргызстандыктар менен сыймыктанам! Тажиктерден айырмаланып маалыматка жолду бөгөбөгөн жана бирдиктүү медиаштаб түзүп, Баткенге иш сапарын уюштуруп берген бийликке рахмат.

Бирок эйфорияга алдырбайлы. Жеңищ алыс, ал дүйнөлүк коомчулук Тажикстандагы рахмондук режимди агрессор деп тааныганда, диктатордун өзүн Эл аралык кылмыш трибуналында соттогондо келет!" - деп жазды Семетей Аманбеков.