2021-жылдын январь-апрель айында Өкмөт аппаратына жарандардан 4 миңден ашык кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинде, президенттин аппаратынын– 205, Жогорку Кеңештен – 129, премьер-министрдин коомдук кабылдамасынан – 120 кайрылуу келген.
Жеке маселелери боюнча 938 жаран кабыл алынган, анын ичинде 76 жаранды жетекчилик кабыл алган.
2020-жылга салыштырмалуу кайрылуулардын саны 2 эсеге көп болгон.
Арыз-даттануулар бардык аймактардан келип түшкөн.
Бишкек шаарынын тургундарынан – 966 (40,36 %) түшкөн,
Чүй облусунун – 385 (16,08%),
Жалал-Абадской облусунун – 157 (6,56%)
Ош облусунун – 151 (6,31%) тургундарынан келип түшкөн.
Даттануулардын ичинде социалдык кызматтардын иши, пенсия, жеңилдиктер, жөлөкпулдар жана материалдык көмөк көрсөтүү тууралуу айтылган.
Ошондой эле кадрдык маселелер, жумушка орноштуруу, эмгек талаштары жана айлык акы, ички иштер министрлигинин маселелери, саламаттык сактоо жана Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун иши боюнча да кайрылуулар бар.
Булак: Маралфм