Печать
Категория: Коом
Просмотров: 94

Жалал-Абад шаарынын аймагында 7-майга караган түнү катуу жаап өткөн жамгырдан кийин Сел-Арык сел каналынын кээ бир жерлеринен суу ашып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жыйынтыгында шаар аймагындагы бир катар мекеме-ишканалардын жана жеке турак үйлөрдүн короолорун жана жер төлөлөрүн суу каптаган.

Учурда жогорудагы суу каптаган даректер боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, мекеме-ишканалардын, үйлөрдүн короолорундагы сууну сордуруу жана кээ бирлерин кайрадан суу каптабаш үчүн бөгөт коюлууда.

     

Булак: Кабар