Социалдык тармактарда УКМКнын төрагасы — Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын башчысы Камчыбек Ташиев Тажикстандын делегациясынын алдында кечирим сурады делген видео тарады.

Видеодо Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн алынган бөлүгү көрсөтүлөт. Жолугушууга өкмөттүн Баткен облусундагы мурдагы көүлү Өмүрбек Суваналиев, Камчыбек Ташиев жана башкалар катышканын көрсө болот. Алардын маңдайында Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов жана тажик делегациясынын башка мүчөлөрү отурат.

Видео 18 секундга созулат.

«Биз урматтуу тажик эли менен тынчтыкта жашайбыз [...] Бизди кечирип коюңуздар», - деп сүйлөйт Ташиев видеодо.

Анын сөзүнөн кийин тажик делегациясынын мүчөлөрү жылмайышат.

Өз кезегинде Кыргызстандын УКМКсынын басма сөз кызматы бүгүн, 6-майда аталган видео боюнча билдирүү таратты.

«Видеоматериал монтаждалган жана Камчыбек Ташиевди каралоого багытталган», - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: Баракелде