Россиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 8-майда Москва шаарында жолугушат. Анда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик ча арасындагы куралдуу жаңжал талкуулана турганын Путиндин катчысы Дмитрий Песков «РИА Новости» басылмасына билдирген.
Буга чейин Э.Рахмон 9-майда Москва шаарында Улуу Жеңиш күнүнө карата өтө турган парадга катышат деп айтылган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен кыргыз тараптан 36 адам көз жумду. Алардын арасында жаш балдар, аскер кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар бар.
Чек арада көз жумган жарандар. Тизме, сүрөт
Ал эми тажик тараптан 10 чакты адам көз жумганы айтылып жатат. Эки тараптан 200 чакты адам жаракат алды.
Булак: Баракелде