Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кабарлап, долбоорго өзгөчө маани берилерин билдирди.

Президенттин айтымына караганда, бул долбоор — өлкөдө жана чет жакта жашаган кыргыздардын маданий интеграциясын бекемдөө, кыргыздар жашаган тарыхый аймактар менен маданий-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө багытталган.

“Биз кыргыздардын дүйнөлүк курултайын өткөрүү тажрыйбасын жана кыргыз форумунун туруктуу иштөө механизмдерин жандандырабыз”,-деди Садыр Жапаров.

Булак: Маралфм