Печать
Категория: Коом
Просмотров: 74

Бул тууралуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап жатып билдирди.

Жапаров былтыр мамлекет үчүн абдан оор жыл болгонун белгиледи.

“Бул акыркы 20 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч. Бюджеттин дефицити мурдагы жылдарга караганда 3 эсеге өсүп, ИДПга карата 3%ды түздү. Ал эми жыл соңуна карата тышкы карызыбыз ички дүң продукциясына карата 58%ды түзүп, эң эле опурталдуу чекке жетти”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда үстүбүздөгү жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргызстандын жаңы Конституциясына кол койду.

Булак: Кабар