Печать
Категория: Коом
Просмотров: 96

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Өкмөттүн Баткен облусундагы жаңы өкүлү 48 жашта. Ал Мамлекеттик чек ара кызматынын төрага орун басары болуп иштеген.

Абдикарим Алимбаев 1995-жылы Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Аскер институтун аяктаган. 2006-жылы Орусиянын Федералдык кызматынын Аскердик Академиясын бүтүргөн. 2008-жылы Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын академиясынын алдындагы жогорку академиялык курстарын окуган.

Кечээ, 4-майда Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев кызматтан алынган.

Абдикарим Алимбаев 1973-жылы 19-апрелде туулган. Жогорку билимдүү.

Эмгек жолу:

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.