Кыргыз Республикасынын президенти С.Жапаровго,

БУУнун Коопсуздук Кеңешине,

ОБСЕ жана ОДКБ сыяктуу эл аралык уюмдарга:.

Бүткүл дүйнө жүзүндөгү Кыргызстандык мекендештердин уюмдарына;

Урматтуу президент!

Урматтуу эл аралык уюмдардын жетекчилери!

Урматтуу мекендештер!

Биз Малайзиядагы Кыргызстандык мекендештер, 2021-жылдын 29-апрелинен бери Баткен областынын аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан кандуу окуяларды өтө кайгыруу менен кабыл алып жатабыз. Бул окуяда шейит болгондордун, үй жайынан айрылгандардын үй-бүлөсүнө, тууган-уругуна, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Биз негизинен жаштар - студенттер экенибизге, акча каражаттары тартыш экенине карабай, колубуздан келишинче өз жардамыбызды чогултуп, Малайзиядагы өзүбүздүн элчилик аркылуу жибергени жатабыз.

Ошону менен бирге, биз Тажикстан Республикасы тарабынан чек ара маселесин чечүүдө, эл аралык укуктардын принциптерин сактап, тынчтык жолу менен, дипломатиялык сүйлөшүү аркылуу чечүүнүн ордуна, аскер техникаларды, куралдарды колдонуп, тынч жарандар жашаган айылдарды, мектептерди, мечиттерден бери аткылап жатканын катуу айыптайбыз. Эл аралык уюмдардын көңүлүн, Тажикстандын бир нече эл аралык келишимдер аркылуу өзүнө алган милдеттенмелерди жана Кыргыз Республикасы менен түзгөн эки тараптуу бир нече келишимдерди сактабай, одоно бузуп, эл аралык кылмыштарды жасап жаткандыгына бургубуз келет. Тажикстандын тийиштүү мамлекеттик жооптуу адамдары мындай адамзатына каршы жасаган кылмыштарын токтоосуз токтотушуна жана эл аралык соттун алдында жооп берүүсүнө жардам берүүнүздөрдү, кош көңүл карабооңуздарды суранабыз.

2021-жылдын 29-30-апрелдеринде Душанбе шаарында, Тажикстандын төрагалыгында өткөрүлүп жаткан ОДКБнын жыйыны өтүп жатканда, аскер күчтөрү, куралдары аркылуу тынч айылдардын, элдин аткыланганы эле талашсыз далил жана табышмактуу. Бул кокустуктан дал келүүбү же тымызын иш план болгонбу?

Ушундан соң, урматтуу Садыр Нургожоевич, ушундай коопсуздук уюмдун кимге кереги бар деген ойго аргасыз келесиң?!

Бүткүл дүйнө жүзүндөгү Кыргызстандык мекендештик уюмдарына! Кимибиз кайсы өлкөдө, материкте жашап, окуп же иштеп жүргөнүбүзгө карабай, Кыргызстандын бүтүндүгү, элибиздин ынтымагы  жана түбөлүктүүлүгү үчүн бир муштумдай болуп, үн кошуп, “бөз кошо албасак, сөз кошуп”, Баткендик бир боордошторубузга жардам берүүбүздү уланта берүүгө чакырабыз!

Малайзиядагы Кыргызстан мекендештик уюмунун төрайымы А. Акималиева.,

активдүү мүчөлөрү: А.Сагынаалы уулу., И.Бекболотов., Н.Мусаев.,ж. б.