Баткен чек арасындагы тажиктер менен болгон согуш токтоду. Бирок анын тагы оо далайга бүтпөй бир топ проблемаларды жаратат. Ошондуктан, бийлик башынан эле жыйнактуу иш алпаруусу керек.

Биринчи, чукул арада үй-жайсыз калган элге үй куруп берип талкаланган соцобьектилерди калыбына келтириш керек. Демек “Калыбына келтирүү” департаментин түзгөн туура болот. Кыш келгиче эл үй -жайлуу,  балдар мектептүү болушу керек. Мамлекет буга кылчактабай чукул киришпесе убакыт тар. Ал арада Тажиктер тарабынан келтирилген чыгымдарды төлөтүү маселесин тиешелүү уюмдар эл аралык сотторго берип ишти жүргүзө беришсин. Эл аралык соттор адатта жылдап созулат. Анын чечимин күтүүгө болбойт. Бул иште саясый чайкоочулук кылып “тажиктерге төлөтүш керек”- дегенде эл кыйналып калат. Ансыз да жабыркаган элди кыйнабаш керек.

Экинчи, чек араны аныктап чыгуу, бекемдөө маселеси күн тартибинен алынбашы керек. Ал күчөтүлүүгө тийиш. Тажик тарап менен болгон чек кара такталып эртерээк бөлүнбөсө дайыма дары салынган бочканын үстүндө отургандай абалда болобуз. Менимче Баткенде Коргонуу министрлигинин бөлүмүн ачып, министрдин орун басары дайыма ошол жакта иштегени, Кыргызстандын армиясынын жарымы да Баткенге жайгашканы, он танкабыз болсо анын ары бери айдай бербей ону тең ошол Баткенде болгону туура болмок. Ачуу болсо да чындыкты айтсак, Кыргызстан Кытай же Россия сыяктуу чоң державалар менен тиреше да, алар кол салам десе коргоно да албайт. Алар кааласа бизди 30 минутада эле басып алып коюшат. Биздин күчүбүз Тажикстан сыяктуу чакан мамлекеттерден, анан ар кандай селсаяк терроризм уюмдардан коргонууга гана жетет. Демек, ошого жараша армиялык коргонуу системасын түзүп чакан мобилдүү жана учурдагы акыркы үлгүдөгү аскер техникалары менен камсыз болушуна кам көргөнүбүз туура демекчимин.

Үчүнчү, гумжардамдар маселеси тартипке салынса болот эле. Бүгүн республиканын аймагынан эле эмес чет өлкөлөрдөн да гумжардамдар келе баштады. Дагы жардам беребиз дегендер болууда. Алар кайда кетүүдө? Өзгөчө акча каражаттары кайсыл эсептерге түшүүдө? Кандай колдонулду? Эсебин чыгарыш керек болот го. Башынан тартипке салбай кароосуз калтырып анан этегинде “Баланча жеп кети.Түкүнчө миллиондун эсеби табылбай калды”- деп жер сабап калмайыбыз бар эле. Ошондойго жол бербей тартипке салса болот да.

Чолпонбек Абыкеев