Точикстан ба пеш! (Тажикстан алга) - дешип желек көтөрүп, бакырып өкүрүп Баткендеги согуштан кийин майрамдап жүрүшкөн тажик жарандарынын видеосу тарап жатат.
Ары жоктуктун эң чоң үлгүсү ушул эмеспи! Катылган душманды жеңдиби тажиктер? Тажиктер коңшусуна кыянатчылык кылды? Жаш балдар, тынч жарандарды атып өлтүрүштү. Мародерчулук кылышты. Мал уурдашты. Мектеп, балдар бакчаларды өрттөштү. Эми "Тажикстан алга" деп мактануу канчалык орундуу?! Точикстан ба пеш! Мал уурулук кылдыңар! Точикстан ба пеш! Жаш жеткинчек кызды атып өлтүрдүңөр! Точикстан ба пеш! Башка эмне эрдик кылдыңар?! Аскерлериңер, согуштук техникаңарды санап көргүлөчү. Силерден канча, биз тараптан канча жоготуу болду деген киши жок!!!
Точикстан ба пеш! - деп экономикасын оңдоп алып кыйкырыш керек. Точикстан ба пеш!- деп наркотрафикке айланган өлкөсүн эптеп алып кыйкырыш керек! Точикстан алга! Эмомали деген диктатордон кутулалы, эркин жашайлы деп кыйкырыш керек да!
Эй Точикстан ба пештер!! Силер 2011- жылы Эмомоли Рахмон баш болуп, парламентиңер төш болуп кытайга берип жиберген 1 миң 158 кв метр жериңерди кайтарып алгандан соң ошентип кыйкыргылачы! Аялдарды, жаш балдарды, тыч жаткан элди өлтүргөн эрдигиңерге кыйкырган уят!!!
Төмөндөгү сүрөт, кичинекей наристенин бешиги! Точикстан ба пеш! Силер БЕШИК өрттөдүңөр!!!
Ш.Абдырахман