29-апрелде миномёттон ок аткылоодон кийин Баткен облусунун Ак-Сай айылынын «Головной» аймагынан 25тен ашуун жергиликтүү тургундун сөөгү табылган (так саны такталууда). Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда кыргыз тараптан жалпы 34 адам көз жумган, анын ичинде «Головнойдон» табылган 25 адам да бар.
Массалык адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле Лейлек районунда мылтыктан ок аткылоонун кесепетинен каза болгон 12 жаштагы кыздын өлүмүн жана унаа жолдорунда автоунааларды аткылоодон каза болгондор боюнча фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Жалпысынан чек арадагы чыр боюнча 11кылмыш иши козголгон.

Булак: Баракелде