УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев  Аксай аймагындагы "Головной" водозаборуна барды. Учурдагы абалды көрүп чыгып, аталган жердеги аскер кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Сунушталган бир топ маселелерге жеринен чечим кабыл алынып, тийиштүү мамлекеттик кызматтарга тапшырмалар берилди. Аймактагы жалпы кырдаал жана жарандарыбыздын көйгөйлөрүн тез арада жөнгө салуу иши өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан жеке көзөмөлгө алынганы белгиленди.

Жергиликтүү тургундардын арасынан бала-чакасы дагы деле башка айылдарда жашап жатышканын, үйгө кайтуунун кооптонушканын айткандар болду. Алар: "Үй-бүлөбүздү алдыра берелиби?" - деген суроону беришти. 

"Мен азыр бардык айылдарды кыдырып жүрөм. Элге айтып жатам, үйлөрүнө кайтышсын, эч нерседен чоочулашпасын. Биз түнкү саат үчтө губернатордун катышуусу менен макулдашууга кол койдук. Эми эч кандай окуя болбойт", - деди Камчыбек Ташиев.