Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан кыргыз тарап канча чыгым тартканын ӨКМнын орун басары Урматбек Шамырканов маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Баткен облусу боюнча 78 турак-жай, эки мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИБ, 3 чек ара заставасы, 10 АЗС, 8 дүкөн өрттөнгөн.
Анын 30 турак-жай, 2 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП, 1 ИИБ, 2 чек ара заставасы Ак-Сай айылында;
11 турак-жай, 1 чек ара заставасы Максат айылына;
3 турак-жай Сада айылына;
3 турак-жай Разаков аймагындагы Папалин айылына;
2 турак-жай Жаңы-Жер айылына;
9турак-жай, 10 АЗС, 8 дүкөн Арка айылына;
12 турак-жай Достук айылына;
11 турак-жай Борбордук айылына таандык.