Печать
Категория: Коом
Просмотров: 103

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Ал 29-апрелде Баткен районунун Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарында «Ми-24» тик учагында тажик аскер кызматкерлери тарабынан жасалган аба чабуулу учурунда үйгө кирген. Аба ракетасы иштебей калгандыктан, үйдө жашагандар жабыркаган эмес.

Окуя болгон жерде тергөө тобу иштеп жатат.

2-майда саат 13:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу.

Кыргызстан менен Тажикстандын Коргоо министрлигинин офицерлеринен турган биргелешкен комиссия өз ишин улантууда.

Бүгүн тараптар Баткен районунун Кара-Бак жана «Головной» аймактарын текшерүү боюнча биргелешкен иштерин улантышты. Ушул учурда комиссия Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай аймагында иштеп жатат.

Булак: Баракелде