2-майга карата Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал туруктуу.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, түн ичинде эч кандай ок атуу катталган жок. Милиция кызматкерлери постторду орнотуп, чек ара аймактарында жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.
Айылдарда жана шаарларда өткөрүү пункттары орнотулду:
- Ак-Сай, Көк-Таш, Самаркандек, Орто-Боз айылдарында,
- Сүлүктү шаарындагы Кызыл-Бел участкасында,
- Кызыл-Кыя шаарында милициянын беш кайгуул тобу бар,
- Кош-Булак району, Сүлүктү шаарынд милициянын эки патрулдук тобу,
- Кадамжай районунун Бүргөндү, Кадамжай айылдарында эки өткөрүү пункту, үч кайгуул тобу,
- Исфана шаарында,
- Кулунду, Интернационал, Арка-1, Арка-2, Достук, Жаштык, Ак-Арык,
- И.Разаков айылындагы милициянын төрт патрулдук тобу,
- Кызыл-Жол айылында өткөрүү пункту орнотулду.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей.ю Баткен облусунун Ак-Татыр айыл аймагынын Жака-Өрүк участкасынан өткөн Ош —Исфана унаа жолун толугу менен көзөмөлдө.
Милициянын бардык кайгуул кызматтары ыктыярдуу элдик кошуундар, айыл башчылары менен биргеликте иш алып барууда.