Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1430

Маалыматка ылайык, бүгүн 1-майда саат 20:00дө Кыргызстандын Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, Тажикстанда барымтада турган 10 кыргызстандык кайтарылды.

Белгилей кетсек, 29-апрелде эртең менен, тажик жарандары тарабынан Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун барымтага алынган болчу.

Алар азыркы учурда Лейлек райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медициналык кароодон өтүп жатышат.

 

 

 

 

 

Булак: Кабар