Печать
Категория: Коом
Просмотров: 114

Бүгүн, 1-майда саат 18:30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда кыргыз тараптан каза болгондордун саны 34 адамга жетти. Жалпы 173 адам жаракат алганын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Тизмеге жаңы кошулган маркум Бактияров Азазбек Бактиярович 1997-жылы Оштогу Кара-Суу районунда төрөлгөн.

Министрликтин расмий маалыматында: «Саат 18:30га карата дагы 7 жабырлануучу медициналык жардам алууга кайрылган. Алардын ичинен 2 адамга жардам көрсөтүлүп, үйүнөн дарылануу үчүн жөнөтүлдү. Орто оор абалдагы 5 адам ооруканаларга жаткырылды», - деп айтылат.

Жаракат алган 173 адамдын арасында 31 аскер кызматкери, 1 медицина кызматкери, жергиликтүү жашоочулардан 131 адам бар. Дагы 10 адамдын аты-жөнү такталып жатат.

Аскер кызматкерлери:

- Кубанычбеков Эсентур (1991-жылы туулган);

- Юлдашев Бекзат (1991-жылы туулган);

- Манасбек уулу Нурсултан (1992-жылы туулган).

Баткен облусунун тургундары:

- Махамадрасул Сайдаров (1985-жылы туулган, Карабак айылынын тургуну);

- Мадина Рахматжанова (2008-жылы туулган, Кулунду айылынын тургуну);

- Баяман Абдрахманов (1998-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну);

- Сагын Каратаев (1977-жылы туулган, Көк-Таш айылынын тургуну);

- Сүйүн Тагаев (1969-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну);

- Алтынбек Каработоев (1982-жылы туулган, Кадамжай шаарынын тургуну);

- Рашид Үсөн уулу (1973-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну);

- Ганиев Жамшит (1990-жылы туулган, Чет-Булак айылынын тургуну);

- Дастан Нурумбаев (1983-жылы туулган, Кызыл-Бел айылынын тургуну);

- Мидин Махамадали уулу (1991-жылы туулган, Бужум айылынын тургуну);

- Уланбек Мусаев (1991-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну);

- Чыңгыз Теңирбаев (1995-жылы туулган, Бүжүм айылынын тургуну);

- Салим Бахтияров (1963-жылы туулган, Кызыл-Бел айылынын тургуну);

- Тынчтыбек Эргешалы уулу (1991-жылы туулган, Кара-Бак айылынын тургуну);

- Турдубай Сатаров (1988-жылы туулган, Кара-Бак айылынын тургуну);

- Камчыев Медербек (1995-жылы туулган, Кызыл-Жол айылынын тургуну);

- Жаркынбек Аманов (1988-жылы туулган, Бужум айылынын тургуну);

- Мырзабек Абдырахманов (1991-жылы туулган, Бужум айылынын тургуну);

- Султанбек Абдывахап уулу (2002-жылы туулган, Кызыл-Жол айылынын тургуну);

- Бахридин уулу Өмүрбек (2003-жылы туулган, Кызыл-Жол айылынын тургуну);

- Моланбек Тажибаев (1990-жылы туулган, Жаңы-Жер айылынын тургуну);

- Алижан Тагайбаев (1990-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну);

- Дөөлөтбек Жигиталы уулу (1998-жылы туулган, Кара-Бак айылынын тургуну);

- Тойчубек Исманов (1958-жылы туулган, Кашка-Жол айылынын тургуну);

- Шухратбек Зикиров (1989-жылы туулган, Ак-Сай айылынын тургуну);

- Шумкарбек Арыпбай уулу (жашаган жери такталууда);

- Анамидин Асанов (1972-жылы туулган);

- Бактияров Азазбек Бактиярович (1997-жылы Оштогу Кара-Суу районунда төрөлгөн);

- дагы 3 адамдын өздүгү такталып жатат.

Карта-схема конфликтов на границе Кыргызстана и Таджикистана. Участки Кок-Таш и Ворух