Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында митинг болууда. Ага катышкандар бийликтен Баткен чек арасын коргоо үчүн жарандарга курал берүүнү талап кылышкан. 

Бирок президенттик аппараттын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, бул талапты аткаруу мүмкүн эмес. 

"Бишкек шаарындагы Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккандар Баткен облусундагы чек араны коргоо үчүн аларга курал-жарак берүүнү талап кылышууда.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы мындай талаптарды аткаруу мүмкүн эместигин, анткени мындай иш оор кесепеттерге алып келерин белгилейт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү уланууда. Ошондой эле чек ара түзүмдөрүнүн эки жетекчиси Тажикстандын аймагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат", - дейт басма сөз кызматы.