Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-майда Бишкек травматология жана ортопедия илимий борборунда Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө жаракат алгандардан кабар алды.
Президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчысына жабыр тарткандардын ал-акыбалы боюнча маалымат берилгенин билдирди.
Садыр Жапаров жаракат алгандар менен баарлашып, тезирээк сакайып кетишин тилеп, аларга мамлекет тарабынан тийиштүү жардамдар көрсөтүлөрүн баса белгиледи.
Мамлекет башчысы жабыркагандардын бардыгын жетиштүү көлөмдө дары-дармектер менен камсыз кылып, тийиштүү медициналык жардам көрсөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал моралдык-психологиялык колдоо көрсөтүүнү улантуу зарылдыгын кошумчалады.
30-апрелде Баткен облусунан 46 жабырлануучу аскердик учактар менен Бишкектеги ооруканаларга жеткирилген.
Учурда бейтаптар жогорку деңгээлдеги адистердин көзөмөлүндө болуп, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда, Улуттук хирургия борборунда жана Улуттук госпиталда тиешелүү медициналык жардам алып жатышат.
Булак: Баракелде