Саат 10.00дө Баткенге келе турган тажик делегациясынын жарымы келди, жарымынан дагы деле кабар жок. Бул тууралуу өздүк булак билдирди.

Маалыматка караганда, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулоо жана чек арадагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн бүгүн тараптар жолугушмак. Кыргызстандын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган делегациясы тажик тарапты Баткен шаарындагы резиденцияда күтүшүүдө. Делегациянын курамы толук келмейинче сүйлөшүү башталбайт. 

Өздүк булак билдиргендей, Арка, Максат айылдарын дагы деле тажик аскерлери бошотуша элек. Тынчтыкты сактоо боюнча макулдашууну Тажикстан сактаган жок.