Ушундай чукул кырдаалда Өкмөт тарабынан "Атайын эсеп ачылды, жардам берүүнү каалагандар акча-каражатын которсо болот" - деп жарыя кылганда негедир ичиркенип кетем... Анткени мындан бир канча жыл мурда Дача-Сууга учак кулап, бир топ адам набыт кеткенде дагы ошондой жарыя болгон, көптөгөн уюм-ишканалар, биздин жарандар колдоо көрсөтүп акча салышкан, эки жүз миллиондон ашуун каражат жыйналган... Анан эле "Жашыруун" деген шылтоо менен Өкмөт элге жоопчот бербей кеткен. Мен сыяктуу эле көп эле кишинин өкмөттүн эсеп коруна ишеничи жок. Ошондуктан, биринчиден, ошол Дача-Сууга деп жыйналган акча-каражатынын жоопчотун азыр ачыктап, элге жарыя кылып койсо жакшы болот эле биздин Өкмөт. Экинчиден, азыр Өкмөттүн жана дагы башка уюмдардын эсебине жыйналып жаткан акча-каражаттарын тактоо, алардын жалпы бирдиктүү суммасын аныктап, аларды жумшоо багытын координациялоо үчүн атайын Комиссия түзүлсө дурус го дейм, ага мүчө катары мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен катар жарандык коомдун, региондордун өкүлдөрү да киргизилип. Акча же дагы башка жардам чогулткан бир дагы эсеп, уюм же жөн эле жаран көз жаздымда калбашы керек. Кандай болгон күндө дагы тактык жана ачыктык болгону зарыл.