Печать
Категория: Коом
Просмотров: 86

КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, азыркы учурда Баткен облусунун аймагында кырдаал толугу менен көзөмөлдө жана коомдук тартип көзөмөлдөнүп жатат.

"Учурда чек арадагы чыр-чатактар жөнүндө көптөгөн маалыматтар жарыяланууда. Бардыгыбыз кырдаалды турукташтыруу үчүн болгон күчүбүздү жумшайлы жана оор кесепеттерге алып келген аракеттерден алыс бололу. Ар бир маалымат так жана текшерилген булактардан алынган далилдүү фактыларга негизделиши керек. Жалган, такталбаган маалыматтардын жайылышына жол бербейли. Биз социалдык тармактардын колдонуучуларын кырдаалды курчутуп албоо үчүн терс комментарийлерди жазуудан, такталбаган маалыматтарды, аудио-видео материалдарды таратуудан алыс болууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Булак: Кабар