Мен да дайыма согуш коркунучу тооруган, кээде жакшы, кээде албууттанган кошуналардын көз карашын далай көрүп чоңойгон кызмын. Өз мекенибизде жашап жатканыбызга карабай такай паспорт же туулгандыгыбыз тууралуу күбөлүк көтөрүп жүрүп эс тарттык, аны көрсөтпөсөк бизди өз айылыбызга же туугандарыбызды көрүүгө өткөрүшпөйт. Анткени, чек ара ушунчалык чаржайыт, тажик-кыргыз үйлөр шахмат сыяктуу жайгашкан, кесип салуу же темир, кирпич менен тосуп салуу мүмкүн эмес. Анткен тагдырда дагы, суу бир жерден келет, тарайт, Жаз келди дегиче болбой суу талаш, жайыт талаш башталат. Бул учурда элге маалым болбогон миңдеген чырлар, мушташтар күн алыс чыгып турат, аны биз элес да албайбыз.  Анан качан адам өлдү дегенде гана ызы-чуу салып, чоңдор келишимиш болуп, чыр убактылуу токтоп, кайра эле көз жаздымда калат. Элдин убалы кимге билбейм: кайсы жактан чыга калып мени коркутушат, кайсы учурда көчөгө чыксам ыңгайлуу, суу кезекке ким чыгат үйдөн, жаныңа кимди аласың, кайсы күнү дагы агамды сабап кетишет, кеч кирди, балама эмне болду, кошуналардын торуна илинбедеби, алыс мектепке жалгыз бара албайм, кимди шерик кылсам экен... Бул сыяктуу адам эркиндигин мойнунан бууган, миңдеген ойлор менен жашоо канчалык кыйын экенин чек арадагы мекендештер гана жакшы түшүнөт. Аларга сабыр жана таазим.

Сүрөттө атам мага тажиктер менен кыргыздардын чек арасын көрсөтүп жатат. Эс тартып, бийиктен көргүм келген учур. Чарбак айылы, Баткен району. 2017-жыл. 

Сапаргүл Абдинаева