Баткен облусундагы Лейлек районунун Интернационал айыл өкмөтүнүн башчысы Мырзабек Жумабаевди уурдап кетишти. Бул тууралуу маалымат каражаттарына жергиликтүү тургундар билдиришкен жана аймактык ички иштер кызматы тастыктаган.
Маалыматка караганда, аталган айыл өкмөтүнүн тургундары кечээ кечинде толугу менен айылдан чыгып кетишкен. Андан кийин тажиктер эки үйдү басып алышып, дагы эки үйдү өрттөп жиберишкен. Анын кесепетинен эки кыргызстандык каза тапкан. А бүгүн эртең менен Мырзабек Жумабаев айылга маркумдардын сөөгүн алып келүүгө барган. Ошол убакта тажиктер аны барымтага алып, өз аймагына алып өтүп кетишкен.
Эске салсак, кечээ, 29-апрелде Баткендеги кыргы-тажик чек ара аймагында тажик тургундары таш ыргытып, жаңжал чыгарышкан. Ошол эле күнү саат 14.05те "Головной" аймагында Тараптардын аскер бөлүктөрүнүн ортосунда атышуу башталган. Анын кесепетинен кыргызстандык жергиликтүү тургундар жана аскер кызматкерлери жаракат алышкан. Андан кийин болжол менен кечки саат бештерде тажик тарап "Капчыгай", "Миң-Булак", "Достук" чек ара бекеттерине, ошондой эле "Кожогар" жана "Булак-Башы" чек ара бекеттерине минометтен ок чыгарган. Анын натыйжасында Баткен чек ара отрядынын "Достук" чек ара бекетинин имараты күйүп кеткен.