1991-жылы туулган жоокер Эсентур Кубанычбек уулу жакында эле Нарындан Баткенге которулуп келгенине 10 күн болгон. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдиришкен.
Алардын айтып бергенине караганда, Эсентур Кубанычбек уулу Нарындын Ак-Муз айылынан болот. Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейди аяктаган жана окуусун Россиядан улантып аскер жаатында билим алган.
Буга дейре Нарындагы чек ара заставасында жетекчинин орун басары болуп иштеген.
Үй-бүлөдө экинчи перзент болгон, агасы жана карындашы бар. 30 жаштагы жигит үй-бүлө курууга үлгүрбөй калды... Аны билгендер өтө патриот, мекен үчүн кызмат кылуудан аянбаган адам болгонун айтышууда...