Бүгүн, 30-апрелге караган түнү кыгыз-тажик чек арасында кагылыштар болгон жок, деп билдирди өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев АКИpress агенттигине.

Анын айтымында, куралдуу чыр 29-апрелде саат 20:00гө чейин болуп, андан кийин токтотулган.

«Түнкүсүн кагылышуулар болгон жок, саат 20:00дөн кийин токтотулган. Жарандар тарабынан бир-экиден ок атылып, бир нече калктуу конуштарда өрт болду. Бул жаңжалдардын кесепети. Азыр ок атылган жок. Келтирилген чыгымдарды карап жатабыз», - деди Ө.Субаналиев.

Мурдараак Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары түнкүсүн да ок атканын билдирген болчу.

Расмий маалымат боюнча, жергиликтүү тургундардын үйү өрттөндү. Кулунду, Интернационал, Максат, Жаштык, Борбордук, Достук, Арка айылдарында абал туруксуз.


Булак: Баракелде