Журналист-аналитик Сабыр Муканбетов мындай кырдаалда ички бөлүнүп-жарылууну токтотуп, бир муштумга биригүү керек деп эсептейт.
"Тажиктер провакация кылып, чатак баштады. Кууланган перстердин тактикасы өтпөйт. Алданбайлы! Согуш тутанса Жерге-тал менен Мургаптагы кыргыздар көтөрүлүп Кыргызстанга кайта кошулуу маселесин көтөрүшү керек. Катуу туралы, биримдикте бололу, ички ыйкы-тыйкыны токтотолу", - деди ал.
Эске салсак, кечээ, 29-апрелде Баткендеги кыргы-тажик чек ара аймагында тажик тургундары таш ыргытып, жаңжал чыгарышкан. Ошол эле күнү саат 14.05те "Головной" аймагында Тараптардын аскер бөлүктөрүнүн ортосунда атышуу башталган. Анын кесепетинен кыргызстандык жергиликтүү тургундар жана аскер кызматкерлери жаракат алышкан. Андан кийин болжол менен кечки саат бештерде тажик тарап "Капчыгай", "Миң-Булак", "Достук" чек ара бекеттерине, ошондой эле "Кожогар" жана "Булак-Башы" чек ара бекеттерине минометтен ок чыгарган. Анын натыйжасында Баткен чек ара отрядынын "Достук" чек ара бекетинин имараты күйүп кеткен.