Баткенде болуп жаткан окуя тууралуу облустун мурдагы губернатору Султан Айжигитов пикирин мындайча билдирди.
-Коңшулардын "Головнойду" талашууга укуктук да, саясий да акысы жок. Алар маалымат айдыңында коомду резонанс түзүү максатында чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратып жатышат.
Эске салсак, кечээ, 29-апрелде Баткендеги кыргы-тажик чек ара аймагында тажик тургундары таш ыргытып, жаңжал чыгарышкан. Ошол эле күнү саат 14.05те "Головной" аймагында Тараптардын аскер бөлүктөрүнүн ортосунда атышуу башталган. Анын кесепетинен кыргызстандык жергиликтүү тургундар жана аскер кызматкерлери жаракат алышкан. Андан кийин болжол менен кечки саат бештерде тажик тарап "Капчыгай", "Миң-Булак", "Достук" чек ара бекеттерине, ошондой эле "Кожогар" жана "Булак-Башы" чек ара бекеттерине минометтен ок чыгарган. Анын натыйжасында Баткен чек ара отрядынын "Достук" чек ара бекетинин имараты күйүп кеткен.