Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1056

-Калдарбек агай, кечээтен бери кыргыз тажик чек арасында чыккан чыр токтой элек. Ал турсун курчуп баратат. Эмне кылышыбыз керек? Канткенде абал турукташат?

-Оболу кыргыз тараптын тажиктерге берген жүрөгүнүн үшүн алчу  сунуштары, Ворухга Рахмондун күтүүсүз  келиши, ал ошол сунуштарды сүйлөшүү болгон эмес деп жанын жеп мачаилердин алдында бүжүрөп турушу, ошондой эле кыргыз тараптагы кескин өзгөрүүлөрдөн  тажик бийлиги чочуп кеткени үчүн  кезектеги чагымын башташты. Ал жерде 30 миңдей мачаи-тажик сымалдар жашашат. Ошолордун  экономикалык, социалдык абалынан ичтен чыр чыкпасын дешип, канча жылдан бери мээлерине калпты куюп туруп, чек арага шылтап келишет. Эл эми мал сыңары да... Бирде пулеметтеру, гранометтору менен да аткылашкан болчу, бул деле жаңылык эмес. Бирок Рахмон чынында  диктаторлук жолду тандап алып, тажиктерди таманымдын алдында кармайм дегени менен баары теңирден тескери болуп жатат. Кыргыз бийлиги саламына жараша салам берет...  Болгону, ТИМдин эмдигиче нота жибербегени ойго салат. Тажикстандагы  элчибиз деги тирүүбү? Кечээ күнү үнү чыгып жүрдү эле  же каңырыш уктукпу?

 -Кечээги чыккан чыр мурунку ызы-чуулардан айырмасы барбы же эки элдин ортосунда болуп келген  катардагы окуялардын бириби? 

- Кыргыз тараптын кескин сунуштары, чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча  күчтүү сунушу, ушул маселеге бүтүм чыгарып, чыбык урууга болгон аракети тажиктерди коркутуп ийди. Аларга анын кереги жок. Андай күнү Ворух Дүйшөмбүнүн башын жейт. Элдин абалы оор, көтөрүлүп Рахмондун башын жутушу мүмкүн. Ошон үчүн аскерин тартып, элге өзүн бир көрсөткүсү келген апендидей болуп жатат. Бирок эл аралык мамилелердин аки-чүкүсүнө чейин башы оорубаган Рахмон, өзүнүн бийлигин чыңдоо үчүн гана жиндиликтен жиндиликке барууда. Анткени, анын үй-бүлөсү бийликтин бардык бутагын ээлегендиктен, бийлик алмашуу болсо бирин койбой жууп кетет. Ошондон коркот. Кыргыз бийлиги мурдагы кылчактаган туурунан кайтып, бул  маселеде эгемендиктин туурунда гана иш алып барышып, мекен үчүн баарына даяр турат. Албетте, ичтен чыккан ийри жыландар дале тоскоолдк жаратып, тажиктерге көзүн кысышып, иттик кылып турушат дечи... Бирок бу курдай баары бакшачараак экенин тажиктер өздөрү сезишип, колдору калтырап турган чагы. Кимдир бирөө 1999-жылкы Баткен согушун салып койгондой...  Ошондо жергебизге кирген согушкерлердин 60 пайызы кудум ушул ворухтуктар болушкан.

-Ташиев чек араны аныктоого катуу киришкени үчүн тажик тарап ушундай жагдай жаратып жатабы? 

-Ооба, дал ошондой. Ташиев маселени кабыргасынан коюп, үстөлдү катуу муштагандай эле айтып, сунушун бербедиби. Ошондон катуу чочуп кетишти. Маселени чечейин дешет, бирок Ворухтагы экономикалык абал бийликти кыйратып салышы мүмкүн. Анын үстүнө куудум ушул райондо тажик жарандык согушунда талаа командири болгон генерал Шох бар. Эгерде эл аны ээрчип кетсе, анын амбициясы да күчтүү.

-Чек араны тезирээк тактабасак, мындай чырлар күн сайын боло бериши мүмкүнбү? 

-Бул ташпиш бизге көз каранды эмес. Ооба, канчалык бат делимитация жана демаркация ишке ашырылса, ошончолук  абал турукташмак. Тилекке каршы, чек ара меселеси оозго алган халва эмес, ага эки тарап атышкандыктан, ийри отуруп, түз кеңешүү мүмкүн эмес, тил табышуу дегени абдан оор. Ар кимдин өзүнүн кызыкчылыгы бар...  Ошон үчүн   тезирээк ушул маселени чечүүгө катуу аракет кылып жатат. Бирок, бийликке умтулган оппозициялык териге жамынгандар мына ушул ирмемди өзүнүн пайдасына ыйгарып, бийликти жаманатты кылуу үчүн жерди тепкилеп жатканын Кемпир-Абаддагы ызы-чуудан билип отурабыз. Сырттан каржыланган көздөрүнөн хан тактысы гана учкандар үчүн мындай кадам өлүмгө тете. Албетте, такталбаган, талаш дегенге жармаштырылган жерлерде чыр чыга берет... чагымчылдар толтура.

-Неге тажик тарап күнөөнү бизге оодарып, чек ара менен чектеш жерге атайын адамдарды алып келип жатышат деп чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатып жатышат?

-Жогоруда айттым го, маселе Ворухтагы экономикалык жагдайды тажик бийлиги эч качан чече албайт. Анткени, авторитардык бийликтин колунан бүгүн бок да келбей калган. Кызыгы, алар ОДБКнын бардыгын деле унутуп калышкандай. Көздү май басканда эч нерсе көрүнбөй калат дегениң жомок эмес тура. Дагы бир жагдай, бул жагдайдан орустардын “колун”  да көрсө болот, алар Борбор Азиядагы үстөмдүгүн дагы күчөтүү максатында, аста тажиктерди  кайрап турушу деле мүмкүн. Анча-мынча сөзгө көнбөй турган ташкентке кыр көрсөтүүнүн бирден бир жолу балким чыр аркылуудур. Менин жеке баамымда эгерде тажиктер “кысып-пысып” отуруп калбаса, кыргыз тарап чек араны биротоло бууп салышат.  Ошондо блокада башталат.Тынчтыкты кааласаң согушка даярдан дечү беле...  Менимче Рахмондын күнү бүтүп бараткансыйт...