"Элдин чөнтөгүндө тыйын жок. Бул боюнча Садыр Жапаровго билдирип коюңуз", - деди бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев вице-премьер-министр Артем Новиковго кайрылып. 

Депутат электр энергияга тарифтин жана коомдук транспортторго жол киренин баасын жогорулатуу демилгелерине токтолду. 

"Өлкөдө азыр социалдык-экономикалык кырдаал жөнөкөй эмес. Мен өкмөт эмне кылгысы келип жатканын уктум. Бирок бааны кайра артка ала албайсың. Маяналар көбөйгөн жок, пенсиялар мурдагы бойдон. Кирешелер өзгөрүүсүз калды. Мындай убакта өкмөт эмне кылып жатат? Электр энергияга, жол киреге бааны көбөйтүп жатышат. Кирешелерди көбөйтүү үчүн эмне кылды? Бааны кармап туруу чаралардын бир бөлүгү гана. Өкмөт бул маселелерди чече албайт экен, анда президент чечсин. Президентке элдин чөнтөгү бош деп жеткирип койгула", - деди Бекешев.