Дүйнөдө туристтерден жана казинолордон гана түшкөн кирешелердин эсебинен өнүккөн аймактар да бар. Дүйнөдө туристтик Меккелер көп, Африкадагы Египет ички дүң жыйымынын 20 пайызга жакынын туристтерден алат. Андан сырткары дүйнөлүк туризмдин борборлору - Париж, Рим, Венеция, Түркия, АКШ, Кытай ж.б. Аларга салыштырганда кумар оюндарынын дүйнөлүк борборлору кыйла аз, бирок аз болгону менен түз жана кыйыр түрдө түшкөн кирешелери туристтик борборлордон калышпайт. Анткени, ал жактарга бай адамдар гана барышат. Белгилүү деңгээлде алар да туризмди өнүктүрүүгө чоң түрткү берет. Алар - АКШнын Невада штатындагы Лас-Вегас, Сингапур жана Кытайдын Макао шаары.

Интернеттеги маалыматтар боюнча, Макаого жыл сайын кумар ойногону 30 миллиондой  адам барат, казинолордон жана карта үстөлдөрүнөн түшкөн киреше 45 миллиард доллардан ашат. Ал эми Лас-Вегастын кумар оюндарынан түшкөн кирешеси 6,5 миллиард, казинолору эми жанданган Сингапурдун кумар оюндарынан алган кирешеси 6 миллиард доллардын тегерегинде. Лас-Вегас илгертен кумар оюндарынын борбору, ал эми жогоруда айтылгандай  чоң суммалар түшкөнү үчүн коммунисттер деле Макаодо кумар оюндарынын гүлдөп, өнүгүшүн колдошууда. Бул өңүттөн алып караганда, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Жумабеков менен Бактыбек Турусбековдун Ысык-Көлдүн Тамчы аэропортуна жакын жерден 1200 гектар жерди бөлүп, аны Кыргызстандын Лас- Вегасына жана Макаосуна айландыруу жөнүндө мыйзам долбоорун сунушташканында чектен чыккан эч нерсе жок. Эгерде элге зыян келтирбесе, сопусунуп таза пайданы жериген бизге ылайык келбейт. Ал долбоор жакында  парламентте депутаттардын жарымынан көбүнүн добушу менен биринчи окуудан өттү. Бирок, ошол эле мезгилде парламентте да, андан сырткары жерлерде да ал мыйзам долбооруна каршылар аз эместигин, алардын бир тобу 29-апрелде Тамчыда кумар оюндарынын зонасы түзүлгөнү жатканына каршы митинг өткөргөнү жатышат. 

ЖМКларга жарыяланган маалыматтарга ылайык, ал жер жабык зона болот, Кыргызстандын жарандары ал зонага киргизилбейт, казинолор, карта үстөлдөрү сырттан келген туристтерди гана тейлешет. Кокус Кыргызстандын жарандарынан ал жакка кирип калып, акчасын  уттуруп жиберсе, ал сумманы казинолордун ээлери милдеттүү түрдө кайтарып берүүлөрү керек. Бул норма казино ээлерин ал жакка Кыргызстандын жарандарын киргизбөөсүнө кызыкдар кылуу үчүн киргизилгени айтпаса да түшүнүктүү болуп турат. Биздин оюбузча, эгерде ал эреже чын эле бекем сактала турган болсо, андан Тамчыда чет элдиктер үчүн кумар оюндарынын комплекси курулушун колдоо гана керек. Ал комплексти жекече ишкерлер курушат, анын аркасы менен жүздөгөн жарандарыбыз жумуш орундары менен камсыз болушат, ал иштей баштаганда чет өлкөлүктөрдүн эсебинен миллиарддаган сомдор бюджетке түшүп турса анын эмнеси жаман?

Бир убакта же 1970-жылдардын башталышына чейин Ысык-Көлдө апийим да өстүрүлгөн. Анын элди баңгиликке үйрөткөн зыяндуу жагы менен кошо сөзсүз түрдө экономикалык, медициналык жактан пайдалуу жактары да болгон. Ошон үчүн парламенттин мурдагы чакырылышындагы айрым эл өкүлдөрү Кыргызстанда апийим өстүрүүнү жандандыруу маселесин да көтөрүшкөн. Бирок, кумар оюндарынын жабык зонасы ээн талааларда өстүрүлгөн, ар кимдер күн-түндөп уурдап кете бере турган апийим эмес. Ал аскерлештирилген тартиптеги, өлкөбүздүн жарандарына эч кандай зыяны жок, мамлекетке ири кирешелерди алып келе турган комплекс болуп саналат.

Тилекке каршы, бизде кандай пайдалуу демилге көтөрүлбөсүн жумурткадан кыр издегендей, анын гипотетикалык көлөкөлүү жактарын гана көрүп, ошого гана басым жасап, ар кандай чакырыктар, апыртуулар менен элди козутуп, андай долбоорлорду  үзгүлтүккө учурата тургандардын катмарлары бар. Алардын көпчүлүгү андай иштери  үчүн чет жактардан каржыланышат. Ошондой адамдардын айынан  Кыргызстандын сырткы карызын  жок кыла турган ХИПИК ишке ашпады, андан качып Кытайдын кредиттик капканына түштүк.  Демагогдордун айынан тоо кендерин иштетүү боюнча бир нече инвестициялык долбоор үзгүлтүккө учурады. Өзбекстандын Камбар-Ата-1 ГЭСин куруусуна, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна каршылар да сөзсүз чыгышат. Бирок, тоо кендерин иштетпесек, иштеткени келгендерди кубаласак, деги анда биз кантип өнүгөбүз?

Тамчыдагы долбоорго да каршы болуп жаткандар акыл калчашып, ушул маселелер жөнүндө тереңирээк ойлонушса дейбиз. Же биз чөп кайтарган итке окшоп аркырап отура беришибиз керекпи?

Автандил  Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити